Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Исхак Пирматов менен Талантбек Узакбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына 2 айга камалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун маалымат кызматы билдирди.
Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун 2-июндагы токтому менен Исхак Пирматовго карата 31-июлга чейин УКМКнын тергөө абагына камоо түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды. Ошондой эле, Биринчи май райондук соту Талантбек Узакбаевди дагы 31-июлга чейин УКМКнын тергөө жайында кармап туруу чечимин кабыл алды.
Мындан мурда “Кумтөр” долбоорун ишке ашыруудагы коррупция фактысы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров дагы 2 айлык мөөнөткө камалышкан. Мындан тышкары, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов дагы кармалган.