Бүгүн Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 млрд 272 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 1147 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 362 куб метрге жетүүдө.