Жаңылыктар
Мечитке белек катары ыйгарылды
Кыргызстан жаңылыктары
Мечитке белек катары ыйгарылды

Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги Меккедеги каабага жабылган материалдын бир бөлүгүн Бишкектеги Имам Сарахси мечитине тапшырды. Аземге элчи Ахмет Садык Доган, муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазиев жана Түркия менен Германиянын өкүлдөрү катышты. 

Түркиянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси кыргыз-түрк элдери бир динди карманган бир тууган эл экенин белгиледи.
“Бизди боордоштук жана динибиздин бир экени да бириктирип турат. Каабадан алынган мындай белек Түркияда көп мечиттерде жок. Биз муну боордош Кыргызстанга белек кылууну туура көрдүк. Биздин өлкөлөр жакшылыктарда да, жамандыкта да бирге болуп, кыйынчылыктарды чогуу жеңет деп ишенем ”

Ыйык шаар Меккедеги мусулмандар зыярат кылган Каабанын жабуусу жаңыланып турат. Эскисин дүйнөнүн ар өлкөлөрүндөгү мечиттерге белек кылуу жөрөлгөсү бир нече жылдан бери уланып келе жатат.