Жаңылыктар
Кыргызстандын ички валюта рыногунда жагдай туруктуу - Улуттук банк
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын ички валюта рыногунда жагдай туруктуу - Улуттук банк

Кыргызстандын ички валюта рыногунда жагдай туруктуу экенин Улуттук банктан кабарлашты. Алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүнө жол бербөө үчүн валюталык интервенциялар жүргүзүлүүдө. 

"COVID-19 пандемиясынын жаңы штаммдарынын жайылышы, дүйнөдө калкты эмдөө процессинин жай жылышы экономиканын калыптануусуна тоскоолдук жаратууда. Айрым азык-түлүк товарларына дүйнөлүк баалардын өсүшү үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин сакталышы болжолдонууда. Соода боюнча өнөктөш мамлекеттердин экономикасынын ыкчам калыбына келиши өлкөдөгү ишкердиктин активдешүүсүн шарттайт", - деп айтылат маалыматта. 

Белгилей кетсек, Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 6,5 пайыз деңгээлинде калтырды. Чечим 1-июндан тартып күчүнө кирет.