Жаңылыктар
Ош шаарында ата-энеси миграцияда жүргөн миңдей бала жакындарынын кароосунда жүрөт
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарында ата-энеси миграцияда жүргөн миңдей бала жакындарынын кароосунда жүрөт

Ош шаарында ата-энеси миграцияда жүргөн миңдей бала жакындарынын кароосунда жүрөт. Дагы ушунча сандагы бала турмуш-шарты оор болгондуктан Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгына каттоого алынган. 

Ошто учурда, балдарды тарбиялоочу үч жана үй-бүлө шартында камкордукка алган 10дой борбор иштейт. Бул жайларда 50дөй бала тарбияланууда. Ошто ошондой эле майып, ата-энесинен эрте ажыраган же, оор шарттагы үй-бүлөнүн балдарын окуткан 6 билим берүү мекемеси бар. 1-Июнь - балдарды коргоо күнүнө карата, Ош шаарында бир катар социалдык мекемелерде майрамдык иш-чаралар белгиленип, балдардын маанайын көтөргөн белектер берилди.