Жаңылыктар
Руслан Казакбаев Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь айымды кабыл алды
Кыргызстан жаңылыктары
Руслан Казакбаев Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь айымды кабыл алды

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь айымды кабыл алды. 

Министр Кытай өкмөтү тарабынан берилген 40 миң тонна ун, 20 миң тонна кант, 20 миң тонна өсүмдүк майы, 350 миллион юань грант, 150 миң доза Кытай вакцинасынын экинчи партиясы үчүн президенттин ыраазычылыгын жеткирди. Кыргызстан Кытай мамлекетине насыя алганы үчүн бересе болуп калган мамлекеттик карызы боюнча төлөмдөрүнүн мөөнөтүн жылдырып, ал үчүн кошумча төлөм чегербей тургандыгын жогору баалайт. 

Тараптар мамлекеттер ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү, мамилелерди мындан ары чыңдоо зарыл экендигин дагы белгилешти.