Жаңылыктар
Кыргызстан менен Европа Биримдигинин кызматташтыгы жөнүндө макулдашуу талкууланды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан менен Европа Биримдигинин кызматташтыгы жөнүндө макулдашуу талкууланды

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Европа Биримдигинин Борбор Азиядагы атайын өкүлү, элчи Питер Буриан менен, анын кызмат мөөнөтү аяктаганына байланыштуу жолугушту. 

Анда Кыргызстан менен Европа Биримдигинин кеңейтилген өнөктөштүгү жана кызматташтыгы жөнүндө макулдашуусу талкууланды. Мындай документке Президент Садыр Жапаров Брюсселге боло турган иш сапары учурунда кол коюшат. 

Жолугушууда Борбордук Азия экономикалык форумун ушу жылы күзүндө Бишкекте өткөрүү макулдашылды. Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана чыңдоого кошкон салымы үчүн Буриан министрликтин "Эл аралык кызматташууну бекемдегени үчүн" медалы менен сыйланды. Элчи Кыргызстан аймактык маселелерди чечүүдө дипломатиялык мамилеге умтулгандыгы, өлкөнүн Афганистандагы тынчтык жараянына кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.