Жаңылыктар
Казармандыктар үчүн жаңы жумуш орундары түзүлүп, шаарда кичи бизнес тармагы жанданууда
Кыргызстан жаңылыктары
Казармандыктар үчүн жаңы жумуш орундары түзүлүп, шаарда кичи бизнес тармагы жанданууда

Казармандагы алтын өндүрүүчү фабрикада 500дөн ашык адам эмгектенет. Күнүнө 12 сааттан иштеген кызматкерлер үчүн бекер тамак-аш уюштурулуп, алар жылына бир жолу медициналык кароодон өтүп турушат.

Ишкана алтын өндүрүү менен гана чектелбестен башка тармактарды өздөштүрүү менен кошумча жумуш орундарын камсыздайт. Жакында этти кайра иштетүүчү комбинат ишке кирсе анда дагы элүүдөй адам жумушка орношот. Социалдык долбоордун алкагында бетон чыгаруучу завод ишке кирип, ондон ашык адам жергиликтүү тургундардын турак жайын жакшыртууга сапаттуу бетондорду чыгарышат.