Жаңылыктар
"Кумтөр иши" боюнча кармалгандар
Кыргызстан жаңылыктары
"Кумтөр иши" боюнча кармалгандар

Акыркы эки күн ичинде Кумтөрдөгү коррупция ишине байланыштуу беш чиновник кармалып, дагы бир катар депутаттар, мурдагы өкмөт башчылар сурак беришти. Адистер жемкорлукка айыпталып кармалгандар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылышы керек дешет. 

Ошол эле учурда, алтын кендеги окуялар боюнча бийлик тарабынан 30 жылдан бери биринчи жолу чечкиндүү кадам жасалып жатканы белгиленди. Серепчилер коррупцияга шектелгендердин катары мындан дагы калың болушу мүмкүн экенин четке кагышпайт.