Учурда мамлекеттин карамагындагы 20 объектини жеке менчикке өткөрүү каралып жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы билдирди. Киреше бербей, иши токтоп турган ишканалар толугу менен сатылат же ишенимдүү башкарууга берилет.
Пандемия айрыкча туризм тармагына сокку урду. “Витязь” пансионаты да учурда кирешесинен чыгашасы көп болуп турат. Ал мамлекеттин эсебинен каржыланууда.