1-Июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Петр Шубин атындагы балдар музыкалык мектебинде “Балдар - жердин жандуу гүлдөрү” аттуу майрамдык концерт өттү. Ага Бишкек шаарындагы мектеп окуучулары жана балдардын искусство мектептеринде окуган өспүрүмдөр чакырылды. Мындан тышкары, Маданият министри балдар менен чогуу “Балдар менен бир күн” аттуу акцияга катышып, белектерди тапшырды.