Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата 6 жаштан 14 жашка чейинки бөбөктөрдүн тишине кам көрүү акциясы башталды.
«20/80» долбоорунун алкагында уюштурулган акция - тишти оорудан сактап кароонун маанисин, алгачкы чараларды убагында көрүүнүн зарылдыгын элге жеткирүүгө багытталган. Анын алкагында балдардын тишине курт тушүрбөй алдын алуу үчүн акысыз герметизациялоо жүргүзүлүүдө. Бул ыкма тиштеги эмаль толук калыптанганча сүт тиштерди бат бузулуудан сактайт. Мындай иш-чара бир гана Бишкекте эмес, Ош, Жалал-Абад жана Каракол шаарындагы клиникаларда өтүп жатат.
“Бүгүнкү акция “Акысыз герметизациялоо” деп аталат. Барыбызга белгилүү болгондой, балдардын тиши көп курттайт. Көп учурда аларды жулуп салууга туура келет. Бирок азыркы тапта герметизациялоо деген эффективдүү методика бар. Аны менен тиштеги курттун пайда болушун алдын алса болот. Ушул сыяктуу процедураларды элге көрсөтүү, маалымдоо иретинде акцияны баштадык. Биринчи жолу мындай акция 2019-жылы өткөрүлгөн. Быйыл 4 шаардын 14 клиникасы бул акцияны колдоп, акысыз жардам көрсөтүүдө”,- деди дарыгер-стоматолог, акциянын уюштуруучусу Жылдыз Бейшембиева.