31-майда Ички иштер министри Улан Ниязбеков жол коопсуздугун камсыздоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө көрүлүп жаткан чараларды күчөтүү боюнча министрликтин бөлүктөрүн камтыган онлайн кеңешме өткөрдү.
Анда жол кырсыктарынын алдын алуу, агитациялык иштерди күчөтүү, кырсык көп болгон жерде жол белгилерин орнотуу, кырсыктарды объективдүү тергөө талабы күчөтүлдү. Мындан сырткары жайкы туристтик мезгилге карата жол кырсыктарын алдын алуу керектигин баса белгиледи. Кеңешмеде калктын турмушун жакшыртуу, коомдук тартипти сактоо, жарандардын эркиндиги менен укуктарын коргоо багытында тиешелүү аракеттер көрүлүп жатканы айтылды.