1-Июнь - балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата жазуучу Талантбек Шабиев "Керемет жамгыр" китебин тартуулады.
Ал мектеп жашындагы кенже балдарга арналды. Аңгемеде согуш темасы дагы көтөрүлүп, балдар куралдуу кагылышууну жек көрөрү, ар дайым тынчтык жашоону каалай турганы сүрөттөлгөн. Каармандар атылган октун ордуна гүл чачса деп самайт. Китеп миң нускада жарык көрдү.
Жазуучу китептерин алгач жетим балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларына таратып берүүнү көздөп турганын белгиледи. Автор чакан китебин быйылкы 28-29-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылышууда курман болгон 12 жаштагы Мадинанын жаркын элесине арнаган.