Жаңылыктар
“Орус тили Кыргызстанда – жаңы мейкиндиктер” аталган сынактын биринчи бөлүгү аяктоодо
Кыргызстан жаңылыктары
“Орус тили Кыргызстанда – жаңы мейкиндиктер” аталган сынактын биринчи бөлүгү аяктоодо

“Орус тили Кыргызстанда – жаңы мейкиндиктер” деген аталыштагы сынактын биринчи бөлүгү аяктап жатат. Долбоор Россия президентинин фондунан каржыланып, жарандык коомду өнүктүрүүгө багытталган. 

Буга чейин өлкөнүн билим берүү мекемелеринде орус тили жана адабиятынан сабак берген мугалимдер эссе жазып сынакка катышып, жыйынтыгында 40тан ашык агартуучу тандалып алынган. Аларга 28-30-май күндөрү Бишкек шаарында үлгү сабак өткөрүлүп, мыктылары Россияга жолдомо алышат. 

Ошондой эле, окуучулар арасында орус тилинде ыр же чыгармаларды көркөмдөп окуу боюнча конкурс уюшулган. Чыгармачыл иш-чарага катышууга 160 арыз келип түшкөн. Калыстар тобунун баасына татыган өспүрүмдөргө баалуу сыйлыктар каралган. “Орус гуманитардык миссиясы” буга чейин дагы Кыргызстанда бир нече долбоорлорду ишке ашырган.