Жаңылыктар
Бала бакчадан тарта адамдын бүтүндөй жашоосун руханий өнүгүүгө багыттаган концепция долбоору даярдалды
Кыргызстан жаңылыктары
Бала бакчадан тарта адамдын бүтүндөй жашоосун руханий өнүгүүгө багыттаган концепция долбоору даярдалды

Кыргызстанда “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” концепциясынын долбоорун иштеп чыга турган жумушчу топ өз ишин жыйынтыктады. Концепцияда бала бакчадан тарта адамдын бүтүндөй жашоосун камтыган руханий багыттамалар тутумун түзүүгө арналган көлөмдүү милдеттер каралган.

Жарандарды сергек жашоого үндөгөн жана руханий баалуулуктар камтылган маанилүү документтин долбоорун даярдоонун үстүнөн окумуштуулар, белгилүү инсандар, коомдук ишмерлер жана мамлекеттик түзүм өкүлдөрү эмгектенди. Бир нече айдан бери жумушчу топко көптөгөн сунуштар келип түшүп, аларды эске алуу менен концепция иштелип чыккан. Коомдук талкууга коюлган документке алымча-кошумчаларды киргизген жумушчу топ жыйынтыктоочу отурум өткөрдү.