Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов Бишкек шаарына расмий иш сапары менен келген Казакстандын премьер-министринин орун басары - тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди менен жолугушту.
Жолугушууда саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштар талкууланып, тараптар кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды жөнгө салууга тиешелүү маселелер боюнча пикир алмашты. Төрага Талант Мамытов Кыргызстандын аракети менен жаңжал тынчтык жолу жана дипломатиялык алакалардын алкагында жөнгө салынып, окуянын курчушуна жана курмандыктардын санынын өсүшүнө бөгөт коюлганын маалымдады.
Айрыкча, кыргыз тарап мамлекеттер аралык маселелерди диалог жана бардык жетишилген келишимдерди сактоо жолу менен чечүүгө кызыкдар экендигин белгиледи. Ал эми боордош эки элдин кызматташтыгы тууралуу да сөз кылган төрага салтка айланган жогорку деңгээлдеги өнөктөштүк жана жигердүү алака бардык багыттагы өз ара байланыштарды камтый тургандыгын кошумчалады.