31-майдан баштап Түркстан — Бишкек — Түркстан багыты боюнча жаңы туруктуу аба каттамы ачылат. Эми Бишкектен Казакстандын башкы шаарлары, Алматы жана Нур-Султан шаарларына Түркстан аркылуу учууга болот. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди. Жүргүнчүлөрдү ташуу Казакстандын учактары аркылуу жумасына эки жолу, дүйшөмбү жана бейшембиде болот. Учуу убактысы 1 саат 15 мүнөт.