Жаңылыктар
Балерина Гүлбара Даниярова эскерилди
Кыргызстан жаңылыктары
Балерина Гүлбара Даниярова эскерилди

Борбордогу Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек Хореографиялык окуу жайында педагог, хореографиялык бөлүмдүн биринчи көркөм жетекчиси, маркум Гүлбара Даниярованын элесине арналган мемориалдык тактанын ачылышы болду. Салтанаттуу иш-чара менен катар аталган окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнүн майрамдык концертти өттү. Быйыл бул окуу жайды 19 окуучу аяктап жатат. 

Азыркы тапта Бишкек Хореографиялык окуу жайдын театры балерина Гүлбара Даниярованын ысымын алып жүрөт. Ал өз өмүрүнүн кырк жылдан ашык убактысын балет өнөрүнө арнап, көптөгөн бийчилерди тарбиялап чыгарган. 

Гүлбара Даниярова токтоо, аракетчил жана келбеттүү айым болгон. Кыргыз балетине кошкон салымы, жасаган эмгеги үчүн “Ардак Белгиси” ордени, бир топ медаль жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин “Ардак грамотасы” менен сыйланган.