Бүгүн, 28-май - Кыргызстанда чек арачылардын күнү. Бул дата , 1999-жылы чек ара кызматынын макамын жогорулатуу, ишин жакшыртуу максатында өкмөттүн токтому менен бекитилген. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин курамындагы кызматтын өкүлдөрүн куттуктоо пандемиянын шартында салтанаттуу белгиленбесе да, мекен сакчылары унутта калган жок.