Президент Садыр Жапаров Ош шаарында өлкөнүн Коргоо министрлигинин жана Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынын аскер кызматкерлерине батирлердин ачкычын тапшырды. Өлкө башчысы мамлекеттин өзгөчө маанилүү милдеттенмелеринин бири — аскер кызматкерлеринин социалдык жактан толук камсыздалышы экендигин белгиледи.