Жаңылыктар
Санкт-Петербург шаарындагы окуу жайга Төлөмүш Океевдин айкели орнотулду
Кыргызстан жаңылыктары
Санкт-Петербург шаарындагы окуу жайга Төлөмүш Океевдин айкели орнотулду

Санкт-Петербург шаарынын Мамлекеттик кино жана телевидение институтунда көрүнүктүү режиссер Төлөмүш Океевдин айкели орнотулду. 

Ачылыш салтанатка аталган өлкөдөгү элчи Гүлнара-Клара Самат, Жогорку Кеңештин депутаттары, өлкөнүн Кинематография департаментинин өкүлдөрү жана режиссердун туугандары катышты. Даңазалуу кино жаратуучу Төлөмүш Океев СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын ээси болгон. Анын айкели орнотулган окуу жайда өзү да окуган. 

Океев "Бакайдын жайыты", "Уркуя", "Көк серек", "Кызыл алма", "Алтын күз", "Кожожаш" тасмалары менен кыргыз элин дүйнөгө тааныта алган. 2001-жылдын 18-декабрында 66 жаш курагында жүрөк оорусунан улам Түркияда каза таап, сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.