Жаңылыктар
Олимпиада оюндарын көрсөтүү үчүн КТРК менен “Акнет” ортосунда келишим түзүлдү ⠀
Кыргызстан жаңылыктары
Олимпиада оюндарын көрсөтүү үчүн КТРК менен “Акнет” ортосунда келишим түзүлдү ⠀

Ушул жылы Токиодо өтүүчү XXXII жайкы жана 2022-жылдагы кышкы Олимпиада оюндарын көрсөтүү үчүн КТРК менен “Акнет” компаниясы ортосунда келишим түзүлдү.

Бул тууралуу бүгүн, 28-майда, КТРКнын башкы директору Бактияр Алиев менен “Акнет” компаниясынын президенти Нурбек Абаскановдун жолугушуусунда белгилүү болду.

Жолугушууда эки тараптык келишимдерге кол коюлду. Белгилүү болгондой, Олимпиада оюндары КТРК спорт жана КТРК спорт-2 каналдарынан түз эфир аркылуу көрсөтүлөт.

Кошумчалай кетсек, Токиодо өтүүчү Олимпиада оюндарына Кыргызстан 13 жолдомо жеңип алган. Алар - балбандар Айсулуу Тыныбекова, Атабек Азизбеков, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Үзүр Жусупбеков ,Эрназар Акматалиев, суучул Денис Петрашов, жеңил атлеттер Юлия Андреева, Дарья Маслова ,Мария Коробицкая жана фехтование боюнча Роман Петров.