Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы төрөлгөн балдарды салтанаттуу каттоо салтын кайрадан жандантты.
1-июнь — эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата бүгүн өлкөдөгү бардык төрөт үйлөрүндө жарык дүйнөгө келген ымыркайлардын ата-энелерине баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк тапшырылды. Каттоо кызматынан билдиргендей, ата-энелер бул кызматтан пайдалануу үчүн каалаган калкты тейлөө борборуна же Бакыт өргөөсүнө кайрыла алышат. Ошондой эле, Калкты каттоо департаментинин кызматкерлери салтанаттуу жагдайда балдардын туулгандыгы тууралуу актыны түзүшөт.
Белгилей кетсек, ар бир ата-эне «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» мыйзамга ылайык, каалаган Калкты тейлөө борборуна кайрылууга укугу бар. Мындай норма жарандардын мамлекеттик кызмат алуусун жеңилдетет.