Жаңылыктар
Тамак-аш өндүрүшүн жакшыртуу максатында өтүүчү дүйнөлүк саммит Бишкекте талкууланды
Кыргызстан жаңылыктары
Тамак-аш өндүрүшүн жакшыртуу максатында өтүүчү дүйнөлүк саммит Бишкекте талкууланды

Тамак-аш өндүрүшүн жакшыртуу максатында өтүүчү дүйнөлүк саммит Бишкекте талкууланды. Азык-түлүк коопсуздугуна арналган иш-чара июнь айында Рим шаарында, андан соң күзүндө Нью-Йорк шаарында болот. 

Бириккен улуттар уюмунун аянтында уюшулуп жаткан саммитке Кыргызстан дагы катышып, өзүнүн сунуштарын берип талкуу жүргүзөт. Көп өлкөнүн башын бириктирген жыйында алдыңкы 10 жылда үрөндөн баштап дасторконго чейин продукциянын сапатын жакшыртуу, өндүрүлгөн азыкты үнөмдүү пайдалануу жана азык-түлүк коопсуздугун калкка жеткиликтүү камсыздоо маселелери талкууланат. Бул багытта Жашыл климаттык фонд Кыргызстанга грант катары каражат бөлүп, бир нече багыт боюна долбоорлорду ишке ашыруу каралган.