Бүгүн, 28-майда Кыргыз Республикасынын чек ара кызматынын Ош шаарындагы аскер бөлүгүндө чек арачылардын күнү салтанаттуу түрдө белгиленди. Мында чек арачылардын балдары үчүн быйыл сметалык баасы 700 миң сомдук балдар аянтчасы курула тургандыгы айтылды.
Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов чек арачыларды кесиптик майрамы менен куттуктап, бир катар кызматкерлерге Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасын жана ыраазычылык баракчаларын тапшырды.
“Чек арачы болуу эрдикти, чыдамкайлыкты, чыныгы кесипкөйлүктү талап кылган ардактуу жана обройлуу кызмат. Сиздер көп учурда ден соолугунуздарды жана өмүрүңүздөрдү тобокелдикке салып, катаал шарттарда: алыскы чек арада жайды жайлай, кышты кыштай, күн-түн дебей кызмат өтөп келесиздер.Чек арачылардын катарында өмүрү кылдын учунда турса да ар качан “чек арачы” деген улуу милдетти так аткарып, ар-намысты бийик туткан, абийири таза, жүрөгү элим, жерим деп соккон чыныгы азаматтар көп. Алар элибиздин сыймыгы! Ош шаарынын элинин атынан ак ниет кызмат өтөп жаткан бардык чек арачыларга чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Биздин чек арачыларыбыздын күжүрмөн аракети менен бүгүн Кыргызстан өз чек арасын ишенимдүү көзөмөлдөп келет",- деди .
Майрамдык иш-чаранын негизинде УКМКнын чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгында “Кызыл Армиянын” чек арачысынын эстелигине гүл коюлуп, чек арачылардын жүрүшү менен жыйынтыкталды.
Иш-чарагы Ош шаарынын мэри, Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Алайчиев, чек ара кызматынын ардагерлери жана кызматкерлери, Орусиянын чек ара кызматынын өкүлдөрү катышты.