Жаңылыктар
Кыргызстанда "Ааламдык ак бата" аталган бүткүл дүйнөлүк руханий форуму өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда "Ааламдык ак бата" аталган бүткүл дүйнөлүк руханий форуму өтөт

Кыргызстанда "Ааламдык ак бата" аталышындагы бүткүл дүйнөлүк руханий форуму өтөт. Бул тууралуу "Кыргыз жолу" коомунун төрагасы Кадыр Кошалиев билдирди. 

Жаңы кабыл алынган Конституцияда өлкөнүн руханий-маданий багыттары белгиленген. Мындан тышкары, президент "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" жарлык чыгарган. Ага ылайык, атайын концепция иштелип чыгып, коомдук талкууда турат. 

Форум 21-23-июнь күндөрү Суусамыр жайлоосунда башталып, Ысык-Көлдө жыйынтыкталат. Иш-чаранын алкагында "Руханият - баарын бириктирет" аталышындагы конференция уюштурулат. Жыйынтыгында "Тынчтык жана биримдик" манифести жана “Бүткүл дүйнө элине кайрылуу” документи кабыл алынат.