Жаңылыктар
Шайлоодо гендердик тең салмактуулук сакталып, аялдардын активдүүлүгү өскөнү белгиленди
Кыргызстан жаңылыктары
Шайлоодо гендердик тең салмактуулук сакталып, аялдардын активдүүлүгү өскөнү белгиленди

Жергиликтүү кеңештерде аялдарга 30% квота берген мыйзам кабыл алынгандан бери шайлоодо гендердик тең салмактуулук сакталууда. Бул тууралуу “Депутат-аялдар – күчтүү жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу” темасында өтүп жаткан тегерек столдо белгиленди. 

Аялдар Кыргызстанда калктын 52 пайызынан ашык болгонуна карабастан айыл кеңештеринде алар тогуз проценттин айланасында гана болчу. Быйыл 30% квота бул маселени чечүүдө жакшы механизм болду. 420 айылдык кеңештеги 2273 шайлоо тилкенин 28инде гана аял талапкер болгон эмес. Бул жалпы көрсөткүчтүн 1% ашыгын гана түзөт. Айта кетсек, 11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоого 5300дөн ашык аял ат салышкан. Иш-чаранын уюштуруучуларынын баамында, ишкерликте жана саясатта аялдардын активдүүлүгүнүн позитивдүү өсүшү байкалып жатат.

“Биз активдүү аялдарды көбүрөөк тартып, бири-бирибизди колдошубуз керек. Ал үчүн билим алып, аны жүзөгө ашыруу зарыл. Сиздер инвесторлор менен кантип иштешти, бюджет кандай түзүлөрүн, мыйзам долбоорлорун кандай жазышты жана башкаларды билишиңиздер абзел. Мен бардык аялдарды лидерлик мектептерде барып, окутуучу тренингдерге катышууга жана өзүңүздөрдү көрсөтүүгө чакырам”, - деди Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева.