УКМК тарабынан энергетика тармагындагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында жана ошондой эле республикада электр энергиясынын жетишсиздигин эске алуу менен, Кыргызстандын электр тармактарына ири зыян келтирген майнинг-фермасынын мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталып жана ага бөгөт коюлду.
Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагынан, майнинг-ферманын эксплуатациялоо үчүн электр энергиясын мыйзамсыз камсыз кылып, электр энергиясын керектөөдөн ашыкча киреше алып, андан кийин республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө түшкөн ири өндүрүүчү объекттери аныкталды.
Аталган факт УКМКнын сотко чейинки өндүрүшүнө катталды. Учурда коопсуздук кызматы тарабынан мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоо боюнча иш-чаралар улантылууда. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.