Зыянкечтерди айыл, токой жана суу чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялштыруу жана карантиндик коргоо департаменти Баткен облусунда жүргүзгөн изилдөөдө табышкан.
Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, облус боюнча 5 500 гектер аянт изилденип, анын ичинен 4 300 гектер жерден чергирткенин уюгу табылып, химиялык дары-дармектерди колдонуу керектиги аныкталды. Бүгүнкү күндө 2 700 гектар аянт химиялык иштетүүдөн өттү. Анын ичинен Лейлек районунда 900 гектер, Кадамжай районунда 1 600 гектер, Баткен районунда 200 гектер жерге микронер аппараттардын жардамы менен химиялык дары-дармектер колдонулду.
Зыяндуу чегирткелерге каршы жүргүзүлгөн химиялык иштөөдөн кийин Баткен регионалдык бөлүмдөрүнүн адистери тарабынан биологиялык натыйжалуулугун текшерүү иштери жүргүзүлдү. Учурда чегирткелерге каршы күрөшүү иштери уланууда.