Жаңылыктар
Аймактарда район акимдери активдерге тааныштырылды
Кыргызстан жаңылыктары
Аймактарда район акимдери активдерге тааныштырылды

Кыргыз Республикасынын облустарындагы жергиликтүү активдерге Кыргыз Республикасынын Президентинин «Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу алкагында дайындалган, ошондой эле ротациядан өткөн райондук мамлекеттик администрация башчылары –акимдери тааныштырылды.

Тааныштыруунун жүрүшүндө район башчыларынын ишиндеги негизги багыттар белгиленди, өзгөчө басым аймактагы социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдү жакшыртуу боюнча ыкчам чараларды кабыл алууга жасалышы керек.

Белгилесек, 24-майда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов жаңы дайындалган, ошондой эле ротациядан өткөн райондук мамлекеттик администрация башчылары – акимдери менен жумушчу кеңешме өткөргөн, анын жүрүшүндө акимдер алдында турган маанилүү милдеттерди көрсөткөн.