Тышкы иштер министрлиги чет өлкөдө каза болгон кыргызстандык жарандардын сөөгүн мекенине алып келүүгө кеткен чыгымдарды жабуу үчүн маркумдун жакындарына бир жолку төлөм каралганын эске салат.
Белгилей кетсек, ушул жылдын февраль айында өлкө президенти "Чет өлкөдө каза болгон Кыргызстандын жарандарынын сөөгүн мекенине кайтаруу тартиби жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Аны ишке ашыруу үчүн "Чет өлкөдө каза болгон Кыргызстандын жарандарынын сөөгүн алып келүү менен байланышкан чыгымдарды жабуу боюнча чаралар жөнүндө" токтом кабыл алынган.
Маркумдун туугандары бул төлөмдү Кыргызстандын аймагында ТИМдин алдындагы Тышкы миграция департаментинен же чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнөн ала алат. Бир жолку төлөмдү алуу үчүн арыз, акча каражатын алуучунун паспортунун көчүрмөсү, туугандык жакындыгын тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү, өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктүн нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү же консулдук каттоого туруу белгиси, же болбосо өлгөндүгү жөнүндө апостиль коюлган маалымдама талап кылынат.