Жаңылыктар
Мамлекеттик ипотекалык насыя турак жай үчүн 4 пайыздык чен менен 25 жылга берилет
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик ипотекалык насыя турак жай үчүн 4 пайыздык чен менен 25 жылга берилет

Мамлекеттик ипотекалык компания турак жай алууну каалаган жарандарга жылдык 4 пайыздык чен менен 25 жылга насыя берет. Буга чейин жылдык чен 6-8 пайызды түзүп келген. Мекеме “Менин үйүм 2021-2026” программасын жарыялады. Ага ылайык ипотекалык насыяны төлөө шарттары кыйла жеңилдетилет. Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу мурда турак жай алгандардын да насыясынын үстөгү мындан ары 4 пайызды түзөт.

Жаңы программага ылайык, ипотекалык насыялоо калк үчүн бир топ жеткиликтүү болот. Бул үчүн атайын механизмдер иштелип чыгып, финансы каражаттар да каралган. Ал программаны ишке ашыруу максатында жакынкы 5-6 жылда Мамлекеттик ипотекалык компаниянын турак жай фондун өнүктүрүүгө 30 млрд сом тартылып, болжол менен 800 миң чарчы метр турак үй курулат”,- деп билдирди Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымынын орун басары Урматбек Кокочаров.