2021-жылдын 24-майында митингтин катышучулары жана уютуруучусу Мухтар Шарипов УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге жолугушуп, жөнөкөй жарандарга карата тергөө жана сот иштери жүрүп жаткандыгы, ошондой эле адвокаттардын, эксперттердин, прокурорлордун жана судьялардын мыйзамсыз иш-аракеттери жөнүндө өз билдирүүлөрүн айтышты.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев митингчилердин бардык катышучуларына, Улуттук коопсуздук органдары арыз ээлеринин ар бир кайрылуусу УКМКнын компетенциясына ылайык жана мыйзамдын чегинде каралаарын айтты.