2021-2023-жылдар аралыгында жогорку окуу жайлардагы билим берүүнү “Университет 4.0” моделине трансформациялоо программасы иштелип чыкты. Программанын максаты – ар түрдүү изилдөөлөр жана чыгармачыл долбоорлор, инновацияларды жаратуу үчүн көп тараптуу платформалар менен жаңы форматтагы университеттик экосистеманы түзүү. Ошондой эле рыноктун талаптарына жооп берген билим берүү программаларын, илимий изилдөөлөрдү башкаруунун рационалдуу системасын иштеп чыгуу. Университеттин жаңы форматы окуп жаткандар үчүн да, профессордук-окутуучулар курамы жана окумуштуулар үчүн да таланттарды тандап алуу, өнүктүрүү жана шыктандыруунун жогорку натыйжалуу системасын камтыйт. Министрликтен билдиргендей, жаңы университет таланттуу жана алдыга умтулган жаштарды, анын ичинде чет өлкөлүк абитуриенттерди, окууга тапшыруу үчүн тартууга, ошондой эле ЖОЖдорго келечектүү жана жаш кызматкерлерди тартып келүүгө, илимий кызматкерлердин натыйжалуулугун арттырууга багытталган. Ошондой эле бул программа республикалык жана эл аралык рейтингдерде университеттерди алдыга жылдырууну, университеттин аброюн калыптандырууну көздөйт