Кыргызстанга аткезчилик жол менен ташылып жаткан товарлардан миллиарддаган сом өлкө бюджетине түшпөй жатат. Андыктан бул тутумду санариптештирүү аркылуу импортту толук көзөмөлгө алуу жана көмүскө бизнести ачыкка чыгарууга бардык күч аракет жумшалышы керек. Салык чогултууну башкаруу ишинде санарип ыкмаларды тереңдетүү боюнча министрлер кабинетинин төрагасы да тиешелүү кызматтарга бир катар тапшырмаларды берди.
Эсепке алынбаган, контрабандалык жол менен ташылган импорттон өлкө бюджети миллиарддаган каражаттардан кол жууп жатканы акыркы 3-4 ай ичинде анык билинди. Салык кызматы былтыр Кыргызстанга ташылган товарларды көзөмөлдөө үчүн “Салым смарт” санарип ыкмасын киргизген. Жыйынтыгында салыктык төлөмдөрдүн көлөмү эселеп өскөн.
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов күн мурун бул маселе боюнча атайын кеңешме өткөрдү. Айтымында, салыктык башкарууну санариптештирүү алкагында электрондук отчеттуулук, электрондук эсеп-фактуралар, май куюучу жайлардагы автоматташтырылган башкаруу тутуму ишке киргизилди. Кагаз иштери азайып, мамлекеттик мекемелер жаңы санарип ыкмалар менен иштөөгө өтүп жатат. Бул иш аракеттер оң натыйжа бериши үчүн иш-аракеттерди күчөтүү зарылдыгын белгиледи.
Санарип ыкмалар бир гана көмүскө каражаттарды ачыкка чыгарууда эмес, кызматкерлердин иштөө эреже тартиптерин да өзгөртүп, оң нукка салып жатат.
Мамлекеттик салык кызматы салык чогултуунун натыйжалуулугун санарип ыкмалар аркылуу арттырууну дагы да өркүндөтмөкчү. Былтыртан тарта өлкө аймагындагы май куюуучу станциялардын 90 пайыздан ашыгы конторолук кассалык машина аркылуу тейлөөгө өткөн. Учурда ишкерлерден отчет алуу ыкмасын да толук электрондук түргө өткөрүлүү иштери жүрүп жатат.