"Кумтөр” үзгүлтүксүз иштеп жатат. Ишкананын тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк жакынкы күндөрү кызматкерлер кезектеги эмгек акысын алышарын билдирди. Тоо-металлургчулар кесиптик кошуунунун жетекчилиги да өндүрүштүн токтоп калышына негиз жок экенин белгиледи.
Эмгек акынын көлөмү азайышы ыктымалдыгынан улам “Кумтөр” кенинде иш токтоп калышы мүмкүн экени тууралуу кабар тарады. Тоо-металлургчулар кесиптик кошуунунун төрагасы Элдар Тажибаев мындай маалыматты таратууга айрым адамдар гана кызыкдар экенин айтууда. Ал ишкананын тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк менен мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров кесиптик кошуунга жана эмгек жамаатка маянанын азыркы деңгээли, кызматкерлердин саны, эмгек келишимдин шарттары сакталаарына кепилдик бергенин, ал тургай келечекте кызматкерлер дагы көбөйтүлүшү мүмкүн экенин белгиледи.
Айлыкты берүү кечеңдегени ишканадагы “Эллипс” системасынын өчүп калганына байланыштуу. Аталган автоматташтырылган тутум жумуш убактыларын каттоого алуу менен маяна берилчү. Эми эмгек акы колго берилмей болду. Тиешелүү адистер бул маселени жөнгө салуу менен алек.
Кендеги иш үзгүлтүккө учурабайт. Кызматкерлерди кыскартуу маселеси да каралган жок.
Учурда эң негизги маселе кендеги автоматташтырылган системанын ишин калыбына келтирүү. Ал 15-майда токтотулган. Ишкананы башкаруу багытында башка прорамманы орнотуу максат кылынып жатат.