Жаңылыктар
"Начинающий фермер" бизнес оюнунун жеңүүчүлөрүнүн катарында Кыргызстан командалары да бар
Кыргызстан жаңылыктары
"Начинающий фермер" бизнес оюнунун жеңүүчүлөрүнүн катарында Кыргызстан командалары да бар

Москва шаарында Россия, Кыргызстан, Армения, Азербайжан, Беларусь, Германия жана Казакстандан келген 200гө жакын жаштардын башын бириктирген эл аралык агрардык жаштар форумунун жыйынтыктары чыгарылды. Анын алкагында "Начинающий фермер" бизнес оюну өткөрүлдү. Жеңүүчүлөрдүн катарында Кыргызстандын командалары да бар. 

Москвада Кыргыз Улуттук Агрардык Университетинин жана Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык Университетинин студенттери "Начинающий фермер" эл аралык бизнес оюнунун жеңүүчүлөрү болушту. Алар картошканын үрөнүн вируссуз чыгаруу, азык-түлүк калдыктарын утилдештирүү жана этти кайра иштетүү кластеринин долбоорун сунушташты. Аларга Германиянын эң ири айыл чарба холдингдеринде практика өтүү үчүн сертификаттар, акчалай сыйлыктар жана сувенирлер тапшырылды.