Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыктарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын бир катар түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери дайындалды.
Мамлекет башчысынын жарлыктарына ылайык:
— Жанузаков Адилет Канатович Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;
— Сазыков Эркин Орозбекович Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын талдоо иштери жана маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;
— Борубаев Назирбек Нарматович Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Министрлер Кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды.