Жалал-Абад ОИИБдин Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамы, бир тууган агадай болуп калган кесиптеши милициянын подполковниги Сайфулло Ахмадалиевди ардактуу эс алууга салтанаттуу түрдө узатышты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Милициянын отставкадагы подполковниги Сайфулло Ахмадалиев Кыргыз Республикасынын ИИОдо жалпысынан 30 жылдан ашуун эмгектенип, ардактуу эс алууга чейин Сузак РИИБдин КККнын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясында иштеп, жаштарды тарбиялоодо жана ар кандай укук бузуулардын алдын алууда, кылмыштуулук менен күрөшүүдо зор салымын кошуп келген.
Өз учурунда, Сузак РИИБдин жетекчилиги ИИМдин «Кадырман» төш белгисин тагып, салтка айланган ак калпак кийгизип, чепкен жабышып, ошондой эле өздүк курамдын атынан даярдалган акчалай сыйлыкты тапшырышты.
Ардагер өздүк курамдын астында чыгып сүйлөп, жаш кызматкерлерге акыл насааттарын айтып, эл менен жакындан иш алыр барууну жана ынтымакта ийгиликтерди жарата беришин каалап, ошону менен катар кесиптештерине болгон ыраазычылыгын билдирип өттү.