Жаңылыктар
МБКнын кызматкерлери 600 миң сомдук контрабандалык тамеки продукциясын кармашты
Кыргызстан жаңылыктары
МБКнын кызматкерлери 600 миң сомдук контрабандалык тамеки продукциясын кармашты

“Түштүк-Батыш” бажысынын кызматкерлери Чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте “Мамай” чек ара тилкесинде автоунаа менен жалпы 20 коробка (2400 шт) курамында никотин бар продукция алып келе жаткан Кыргыз Республикасынын А.Ж., аттуу жаранын кармашкан. Кармалган тамеки продукциясы бажыда декларацияланбаган, тиешелүү жеткирүү документтерисиз Өзбекстандан алынып келе жаткан.

Кармалган товардын наркы 600 миң сомду түздү, ал эми бажы төлөмдөрүнүн төлөнө турган алдын-ала суммасы 206 400 сомду түздү. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин маалымат журналына катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.