Жаңылыктар
Азамат Дыйканбаев эки айга УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды
Кыргызстан жаңылыктары
Азамат Дыйканбаев эки айга УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды

Министрлер кабинетинин Төрагасынын мурдагы орун басары - мурдагы санариптик өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаев эки айга Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына камалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди. 

Эскерте кетсек, 20-майда Азамат Дыйканбаев ири өлчөмдөгү пара талап кылуу фактысы боюнча кармалган. УКМК “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабын ишке ашырып жаткан чет өлкөлүк компаниянын өкүлүнүн аталган долбоор боюнча келишимин аткаруу мөөнөтүн узартуу туурадуу маселени оң жагына чечүүгө өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча билдирүүсүнүн алкагында сотко чейинки өндүрүштү баштаган. 

“Республикага инвестиция тартуу, инвесторлордун укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыгын коргоо боюнча мамлекеттик деңгээлде иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын эске алуу менен ушундай иштерге аралашкан мамлекеттик кызматкерлер ээлеген кызмат ордуна, жасаган эмгегине карабастан жоопко тартылат”,- деп айтылат маалыматта. 

УКМК мамлекеттик органдар тутумундагы коррупцияны аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ишин улантууда жана мамлекеттик кызматкерлердин, анын ичинде жооптуу кызматтарда иштегендердин мыйзамсыз иш-аракеттеринен инвесторлордун укуктарын коргоого өзгөчө көңүл бурулууда.