Жаңылыктар
Дастан Догоев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри болуп дайындалды
Кыргызстан жаңылыктары
Дастан Догоев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, 2021-жылдын 11-апрелинде референдумда кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесинин негизинде Догоев Дастан Давлетович Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри болуп дайындалды.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри кызматынан Дыйканбаев Азамат Абдилмаликович бошотулган.