Жаңылыктар
Улукбек Марипов: Контрабандалык жол менен ташылган импортту тыюу боюнча ишти күчтөндүрүү зарыл
Кыргызстан жаңылыктары
Улукбек Марипов: Контрабандалык жол менен ташылган импортту тыюу боюнча ишти күчтөндүрүү зарыл

Эсепке алынбаган, контрабандалык жол менен ташылган импортко тыюу салуу жана ага карай салык чогултууну башкаруу ишин күчтөндүрүү зарыл. Бул туурасында тийиштүү мамлекеттик органдардын катышуусундагы кеңешмеде Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов билдирди. 

Айтымында, салыктык башкарууну санариптештирүү алкагында электрондук отчеттуулук, электрондук эсеп-фактуралар, мунай продуктулары боюнча электрондук товар-транспорттук коштомолор, май куюучу жайлардагы автоматташтырылган башкаруу тутуму, «Бириккен пост» автоматташтырылган башкаруу тутуму сыяктуу маалыматтык тутумдарды ишке киргизүү процесси башталды. 

Алардын ишке киргизилиши бюджетке салыктардын түшүүсү жогорулагандыгы боюнча оң жыйынтыктарды көрсөтүп, келечекте мультипликативдик натыйжа берет. Министрлер Кабинетинин башчысы болуп өткөн окуяларга жана коронавирус инфекциясына каршы күрөшкө тийиштүү кошумча чыгымдарга байланыштуу бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруунун булактарын издөө зарылдыгын белгиледи.