Жаңылыктар
Айдоочу, жол эрежесин сакта! Коомдук транспорттун айдоочуларына түшүндүрү иштери жүргүзүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Айдоочу, жол эрежесин сакта! Коомдук транспорттун айдоочуларына түшүндүрү иштери жүргүзүлдү

Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспекторлору коомдук транспорттун айдоочулары менен аймактар аралык каттамдар көбөйгөнүнө байланыштуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. 

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, COVID-19 вирустук инфекциясынын жайылышын көзөмөлдөө максатында айдоочулар тарабынан санитардык ченемдердин сакталышы, жүргүнчүлөрдүн ортосундагы социалдык аралык, жеке гигиена боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындан тышкары жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттун ишине көзөмөлдү күчөтүү жол кыймылынын эрежелерин одоно бузган, стандарттык техникалык талаптарга жооп бербеген жүргүнчү ташуучу унаалардын айдоочуларын аныктоо максаты коюлган. 

Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө Жол кайгуул кызматынын инспекторлору коомдук транспорттун айдоочуларына каршы тилкеге чыгуу, кызыл жарыкта кесилиштерден өтүү сыяктуу жол эрежелерин бузбоону эскертишти.