Жаңылыктар
Өлкөнүн райондор аралык борборлоруна 8 санитардык унаа тапшырылды
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөнүн райондор аралык борборлоруна 8 санитардык унаа тапшырылды

Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын бөлүмдөрүнө жана райондор аралык борборлорго 8 санитардык унаа тапшырылды. Бул Ислам өнүктүрүү банкынын долбоорунун алкагында сатылып алынды. 

Пикап тибиндеги унаа анализге алынган патогендик биоматериалдарды ташууга арналган. Алар Ноокат, Ысык-Көл, Ала-Бука, Сокулук, Ысык-Ата, Жумгал жана Базар-Коргон райондоруна берилди. Эске салсак, аталган долбоордун алкагында өткөн жылдын декабрь айында аймактарга 7 санитардык унаа тапшырылган.