Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылды. Мындай чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жыйынында кабыл алынды.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова белгилегендей, өлкө туруктуулукка жана өнүгүүгө карай умтулушу керек, өз кезегинде шайлоо ачык-айкын жана таза өтүшү зарыл. «Таза шайлоо - башкаруу органдарын жана бийликти мыйзамдаштыруунун негизи. Шайлоолор добуш сатып алуудан жана административдик ресурс колдонуудан алыс өтүшү керек», - деди ал.
Эскерте кетсек, мындан мурда «Эмгек» саясий партиясы БШКга шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп табуу боюнча БШКнын чечимине каршы арыз жөнөткөн. БШК арызды канааттандыруудан баш тартты.