Жаңылыктар
"Кумтөрдүн" айланасындагы маселе боюнча бизнес акыйкатчынын билдирүүсү
Кыргызстан жаңылыктары
"Кумтөрдүн" айланасындагы маселе боюнча бизнес акыйкатчынын билдирүүсү

Бизнес Акыйкатчы Робин Орд-Смит "Кумтөрдүн" айланасындагы маселе боюнча билдирүү жасады. Анын айтымында, ири компания менен мамлекеттин кенди иштетүүдө бир пикирге келе албагандыктан "Кумтөр" кенине тышкы башкаруу киргизилди. 

Орд-Смит ушул акыркы этапта дагы тараптар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки жактын тең кызыкчылыктарын эске алуу менен маселени жөнгө салышат деп үмүттөнөт. 

Белгилей кетсек, Кыргызстандагы эң ири алтын кени Кумтөрдү канадалык Центерра компаниясы иштетет, Кыргызстандын андагы үлүшү 26%дү түзөт.