Жаңылыктар
Ысык-Көл районунда жашаган социалдык жактан аярлуу катмардагы жарандарга жер тилкелери берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көл районунда жашаган социалдык жактан аярлуу катмардагы жарандарга жер тилкелери берилди

Прокуратуранын кийлигишүүсү менен Ысык-Көл районунда жашаган социалдык жактан аярлуу катмардагы жарандарга жер тилкелери берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Мыйзамга ылайык, ата-энеси жок, камкордуксуз калган балдарга жана мүмкүнчүлүгү чектелгендерге турак жай, жер тилкелери кезексиз берилүүгө тийиш. Аталган категориядагы адамдардын укуктарын коргоо максатында, Ысык-Көл райондук прокуратурасы тарабынан Тамчы айыл өкмөтүнө мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө прокурордук чара көрүү актысы киргизилген. 

Прокурордук актыны кароонун жыйынтыгы менен көрсөтүлгөн айыл өкмөттүн аймагынан жашы жете элек 3 балалуу, мүмкүнчүлүгү чектелген жаранга 12 сотых жер тилкеси, ошондой эле аз камсыз болгон жарым жетим жаранга 10 сотых жер тилкеси турак жай куруу үчүн бөлүнүп берилди.