Жаңылыктар
Жаратылыш байлыктарына жапайы мамиле жасаган "Кумтөр" алтын кени
Кыргызстан жаңылыктары
Жаратылыш байлыктарына жапайы мамиле жасаган "Кумтөр" алтын кени

Кумтөрдөгү ишмердүүлүктү текшерип жаткан мамлекеттик комиссия кен иштеткен компания Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин айтууда. Маселе кечээ күнү Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында каралып, "Кумтөр" алтын кенинде жаратылыш байлыктарына жапайы мамиле жасалганы айтылды.

Кумтөрдөгү алтын казган компаниянын ишмердүүлүгүн иликтеген мамлекеттик комиссия ишкананы төрт млрд доллардан ашык каражатты мамлекетке төлөп берүүгө милдеттүү экенин айтууда. Аталган сумманын 3 млрд доллардан ашыгы келтирилген экологиялык зыян үчүн айыппул, бир млрд доллардан ашыгы төлөнбөй калган салык деп экени белгиленди.

Маселени караган парламент кечээ күнү министрлер кабинетине “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизүүнү тапшырды. Ал арада кен иштеткен чет элдик ишкана арбитраждык сотко кайрылганы айтылууда. Мындай шартта биз бул жагдай боюнча коомчулуктун пикирин билип көрдүк.

Кумтөр алтын кенинен Кыргызстан 1,5 миллиард доллар, ал эми кенди иштетип жаткан канадалык "Центерра" компаниясы 11,5 миллиард доллар пайда тапканын кечээ күнү мамлекеттик комиссия маалымдады. Мындайча айтканда алтындан келген жалпы пайданын ондон бири гана бизге түшкөн. Адистер кен мындан ары элге иштеши керек экенин айтууда.

Белгилей кетсек, алтын кенди казган ишкана суунун кени болгон мөңгүлөрдү мыйзамды бузуу жолу менен жылдырышкан. Ошондой эле мөңгүнүн үстүнө калдык төгүшкөнүн экологдор билдиришти. Бул маалыматты мамлекеттик комиссия да өз корутундусуна кошкон. Экологияга зыян келтиргени үчүн чегерилген үч млдр доллардан ашык айып пул ушул маселелерди эске алуу менен эсептелген.